Борбор Азияда коронавирус боюнча учурдагы абал кандай? (статистика)

Дүйнө жүзүнө кулачын кеңири жайган коронавирус инфекциясы Борбор Азияда эң алгач март айында Казакстанда катталган. Борбор Азия боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруп алган адмдардын саны 205 миң 757ге жетти. 3 миң 146 адам каза болсо, 190 миң 958 бейтап айыгып чыкты.

Коронавирустун таралышы боюнча Борбор Азиядагы статистика:

1. Казакстан - 106 миң 661 адамдан аныкталды. 1 миң 634 адам каза болсо, 100 миң 248 бейтап айыкты;

2. Өзбекстан - 45 миң 473 адамдан аныкталды. 377 адам каза болсо, 42 миң 509 бейтап сакайды;

3. Кыргыз өлкөсү - 44 миң 684 адамдан оору аныкталды. 1 миң 63 адам каза болсо, 40 миң 487 бейтап айыгып чыкты;

4. Тажикстан - 8 миң 939 адамдан вирус аныкталды. 72 бейтап каза болсо, 7 миң 714 бейтап айыкты.

5. Түркмөнстанда коронавирус расмий түрдө каттала элек.

Ал эми дүйнөдө 28 миллион 47 миң 828 адам коронавирус жуктуруп алды. Анын ичинен 18 миллион 893 миң 132 бейтап айыгып чыкса, 907 миң 377 адам каза болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан