Бүгүн, 1-июнга карата коронавирус инфекциясынан жабыркагандардын саны дүйнө жүзүндө 6 миллион 164 миң 784кө жетти. Алардын арасынан 2 миллион 641 миң 68 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылса, 371 миң 987 адам көз жумду. Бирок мындай көрсөткүчтөргө карабай, эл арасында коронавируска ишенбеген толкун пайда болду. Алардын саны күн санап өсүүдө.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынан Мамлекеттик саясат талдоо борборунун директору, саясат талдоочу Алмаз Тажыбайга "Дүйнөнү каптаган COVID-19 инфекциясына ишенбегендердин армиясы эмне себептен көбөйүп жатат?" деген суроо менен кайрылдык.
Өз кезегинде Алмаз Тажыбай өзүнүн туугандарынан бир адам коронавирустан көз жумганын ачыктап, кандайдыр бир кооптуу жагдай адамдын өзү же жакындарында жаралмайынча бул нерсеге психологиялык жактан ишенүү кыйын болорун айтып берди.
- Саламатсызбы? Учурда көп адамдар коронавирустун бар экенине ишенбей калышты. Сиздин оюңуз кандай?
- Коронавируска ишенбеген адамдарга каршы «Коронаидиот» деген термин пайда болду, ага кээ бир мамлекет башчылары менен саясатчылар да кошулат. Алардын арасында Беларусь президенти Александр Лукашенко, Бразилиянын президенти Жаир Болсонару, АКШнын президенти Дональд Трамп бар. Булар пандемия жаңы башталганда эле катуу сынга алынган. Саясатчылар бет кап тагынбай элдин арасында же жумушта жүрсө, адамдар арасында физикалык аралыкты кармабаса, албетте, элде вируска ишенбөө таасири пайда болот. Бүгүнкү күнгө чейин дүйнө жүзүндө ири өлкөлөр арасында маалыматтык согуш жүрүп жатат. Интернетте конспирологиялык теорияларга ишенген көптөгөн пикирлер, маалыматтар кеңири жайылууда. Өзгөчө социалдык тармакта тарап жаткан такталбаган маалыматтар тарап кетип өз максатына жетти. Натыйжада адамдар арасында коронавируска ишенбегендер көбөйүүдө. Бул маалыматтардын айынан дүйнөнүн 213 мамлекетинде пандемияга каршы өзгөчө абал жана карантиндик чаралар киргизилип, 380 миңден ашык адам өлүмү катталып, 6 миллиондон ашуун адам илдеттен жабыркап жатат.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана ар бир өлкө өкмөтү СOVID-19 оорунун симптомдору жана ага каршы коргонуу чаралары тууралуу пандемия күч ала баштаганда эле кеңири бере башташкан. Бүгүнкү күндө деле расмий маалыматтар берилүүдө. Бирок вирустун бар экенине ишенбөөчүлүк көрсөткөндөр же Кудайга шылтап, коркунуч жок экенин айткан топтордун пайда болушу ооруну ого бетер күчөтүүгө жана калың элге тез жуктурууга себепчи болушууда.
- Тилекке каршы чет жакта жүргөн мекендештерден дагы COVID-19 инфекциясы аныкталып, айрымдары андан көз жумган учурлар кездешүүдө. Алардын арасында сиздин жакын тууганыңыз да бул вирустан улам каза тапты деп уктук. Ушул окуя тууралуу айтып бере аласызбы?
- Көп адамдар вирустун бар экенине психологиялык жактан өзү ооруганда, жакындары жабыркап же алар каза болуп калса гана араң ишенишет. Буга себеп эл арасындагы сабатсыздык жана иррационалдык ой жүгүртүү. Бизде дагы коронавируска ишенбеген тууганыбыз бар эле. Ал Москвада иштеп жүргөн. Тилекке каршы алдуу, күчтүү, дени сак 42 жаштагы эркек киши тез аранын ичинде эле алсырап, ооруп, андан кийин каза болуп калды. Болбосо ал бизде баары жакшы деп жүргөн болчу. Тууганыбыздын дене табы 5 күн бою түшпөй коюптур. Ал ооруканага жаткырылгандан кийин көп убакыт өтпөй эле көз жумду.