Ош облусунан 6 дарыгер өз демилгеси боюнча пандемиялык кырдаал күчөп кеткенден улам, кесиптештерине көмөккө Ысык-Көл аймагына кетишти. Бул тууралуу республикалык штабдан бидиришти.
Маалыматка ылайык, Оштон барган топ Каракол шаарындагы облустук ооруканада изоляцияда иштешет. 5-августта дагы 2 реанимотолог дарыгер учуп барат.
Ысык-Көл облусунда туристтик сезонго байланыштуу оору көбөйүп жатканы баарыбызга маалым.