Дин аалымы Чубак Жалиловдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу бийлик өкүлдөрү жакындарына көңүл айтышты

Экс-муфтий, белгилүү дин аалымы Чубак Жалиловдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков, өкмөт башчы Кубатбек Боронов, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баш болгон бийлик өкүлдөрүнүн жана коомдук ишмерлердин атынан көңүл айтуу каты жарыяланды.

Көңүл айтууда Чубак Жалиловдун жаштарды адеп-ахлакка, ыймандуулукка тарбиялоого, улуттар аралык ынтымакты, конфессиялык аралык байланыштарды бекемдөөгө өзгөчө салым кошкону белгиленет.

"Чубак Жалилов убагында муфтий катары Мусулмандар дин башкармалыгынын иштерин жакшыртууга болгон аракеттерди көргөн, башка өлкөлөрдүн дин башкармалыктары менен байланыштарды бекемдеген.

Ал заманбап коммуникация каражаттарын колдонуу менен мусулман жамаатына сухбаттары менен таанымал болуп, жаштарды адеп-ахлакка, ыймандуулукка тарбиялоого, улуттар аралык ынтымакты, конфессиялык аралык байланыштарды бекемдөөгө өзгөчө салым кошкон.

Орус, араб тилдеринде эркин сүйлөп, эл сүйүп окуган бир нече китептердин автору болгон.

Чубак Жалилов салттык Ханафий мазхабын Кыргыз өлкөсүндө гана эмес, жалпы Борбордук Азия мамлекеттеринин диний турмушунда бекем орун алышына чоң эмгек өтөгөн.

Элди руханий, диний, адеп-ахлак жактан тарбиялоодо зор эмгеги бар. Ислам дининин көрүнүктүү өкүлү катары өлкөбүздүн мусулмандарынын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Чубак Жалиловдун жаркын элеси жалпы элибиздин эсинде дайыма сакталат. Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз" - деп жазылат көңүл айтуу катында.

Чубак Жалилов пневмония илдетинен көз жумду
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
kyrgyzka7
2020-07-12 15:11:15
Эмиби?Кече кайда эленер?
+7
alishsapan
2020-07-12 15:43:22
Бийликтегилер уктап жатышса керек ушундай сөздөрдү өздөрү сүйлөй албайт аппарат жетекчиси бирө жарымга айты да үчөөнүн атынан жазып койчу деп буйрук берди да алардын уйкусун бузуп койбойлу деп
+7
asefsa
2020-07-12 15:54:34
Буларга Эми жетиптирби?
+6
meku89
2020-07-12 16:22:32
asefsa,дагы жакшы жетиптир. Укпай калышкан окшойт деп ойлоп жаткам. Тобоо ушундай бийлик менен алдыга жыла албай калдык го. Конул айтып кат жазбай жаназасына катышыш керек эле. Туштон кийин конул айтышат деп чыгып калган тура.
+7
asash
2020-07-12 16:05:16
Туштон кийинби, убагында айтыш керек эле да,мындай аалым, окиуштуу постсоветский олколордогу бирден бири эле болчу,жайыныз жаннаттан болсун устаз
+6
Adi010891
2020-07-12 17:41:47
asash,Президенттик шайлоонун алдында сагызганча сайраган бир видеосу бар эле Сокенин. Мени тун ортосунда ойготсонорда маселени Сорошчо айтканда (масаланы) чечем деген.
+4
Adi010891
2020-07-12 16:59:39
Соке буга чейин уктап атканго
+5
Dani
2020-07-12 17:28:51
Бир кунду аза кутуу кун кылса болот беле
+6
kushu_bek
2020-07-12 17:52:24
Бул точно ойгоно элек екен
+2
aza84
2020-07-12 18:42:53
Сороновирус тажаты
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан