Бир суткада 100дөн ашуун адам көз жумган. Түштүк Африка Республикасында коронавирустук абал курч болууда

Түштүк Африка Республикасында коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 106 миңден ашса, каза болгондордун саны 2 миң 102 адамга жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги берген маалыматка таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, акыркы бир сутка ичинде бул илдеттен 111 адам каза болгон. Бул коронавирус пандемиясы башталгандан бери алгачкы рекорддук көрсөткүч болгонун Түштүк Африка Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Звели Мхизе билдирген.

Анын айтымында, коронавирус инфекциясынан каза болгондордун жалпы саны 2 миң 102 адамга жетти. Өлкөдө вирус катталгандан бери жалпы 106 миң 108 адам жуктуруп алган. Ал эми акыркы бир суткада 4 миң 518 адамдан вирус аныкталды.

Коронавирус инфекциясы Африканын 54 өлкөсүндө катталган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
KalenAlmaz
2020-06-25 23:19:39
Окумуштуулар кана ар нерсени айтышып.Кыргызстанда майдын аягында вирус жоголот деген окумуштууну таап ко....о жасап койсок кантет.
-3
KalenAlmaz
2020-06-25 23:28:10
Бул аба аркылуу эле жугатурган вирус экен,маска антисеп пирчатки, это всё ерунда.Ошто каждый тортунчу адам грип болуп журушот же калппы Ош Ош.
0
urmat94
2020-06-26 08:55:49
KalenAlmaz,Калп
Мен да Оштомун ооруган адамды королекмин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан