Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңеште Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өтүүдө.
Учурда жыйындын танапистен кийинки бөлүгү башталды. Буга чейин чогулган топ танаписке Кытай жарандары Хабибулла Абдукадыр менен Айэркен Саймаитинин ортосундагы тирешүүгө байланыштуу күбөлөрдүн айтканын далилдеген видеолорду алып келүү үчүн тараган. Ал эми УКМКнын өкүлдөрү күбөлөрдүн айткандарын алардын коопсуздугу үчүн жабык кароону сунуштады.
Азыр видео алып келинип, ал комиссия мүчөлөрүнө көрсөтүлүп жатат.