Бүгүн, 6-декабрда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов УКМКда сурак берип чыкты.
Ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, "Азаттыктын" иликтөөсүндө аты аталган Айэркен Саймаитини тааныбай турганын айтты.
"Август айынан бери чет мамлекетте ишкерлик менен алектенип жүргөм. Ызы-чуу чыкканда кайра Кыргыз мамлекетине келип, тергөө менен кызматташып, мага болгон жалаалардын бетин ачууга кызыкдармын. 700 миллион долларга эмес, 7 тыйынына дагы тиешем жок. Саймаитини да тааныбайм. Аны көргөн эмесмин, мамилем да болгон эмес.
Укук коргоо органдары мени 7 ай текшерди. Мага карата эч нерсе таба алышкан жок. Салык боюнча кичине түшүнбөстүк, талаш-тартыштар болду, кийин бизге айтылган сумманы төлөп бердик.
Тергөөнүн сырларын сактоо боюнча кол коюп бердим. Менин аброюма шек келтирип, мен тууралуу жалган маалыматтарды тараткан Али Токтакунов, Ширин Айтматова жана башка журналисттерди сотко бердим. Ал эми "Азаттык" менен соттошууга эл аралык деңгээлде даярданып жатабыз. Тергөөнүн аягына чейин Кыргыз мамлекетинде болом. Эч жакка кетпейм", - дейт Матраимов.
Өткөн аптада УКМК Райымбек Матраимовдун журналисттик иликтөөдө жарыяланган жагдайлар боюнча күбө катары суракка чакырыла турганын билдирген.
Ага чейин Райымбек Матраимов өз билдирүүсүндө "Жалган жалаа, калп маалыматтарды таратуу аркылуу мени курулай жаман көрсөтүү аракетинен улам коомчулукта азыр мага байланыштуу ар кыл пикирлер, уу-дуу кептер тарап кетти. Ушундан улам мен өз өлкөмө кайтып келүүнү чечтим. Мага байланышкан кандай суроо болсо, ошонун ичинде укук коргоо органдарында, мен жооп берүүгө даярмын", - деп айткан.