Мексикада 20 миңден ашык медициналык кызматкерлер коронавируска кабылышкан

Мексикада 20 миңден ашык медициналык кызматкерлер коронавируска кабылышкан. Мындай статистиканы өлкөнүн саламаттыкты сактоо министринин маалыматына таянып чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Ага ылайык, пандемия башталгандан бери 20 миң 217 медициналык кызматкерлер коронавирус инфекциясына чалдыккан. Алардын ичинен 90 пайызы амбулатордук дарылоодон өтүшкөн, ал эми 271 медициналык кызматкер каза болгон. Бул көрсөткүч менен медкызматкерлер өлкөдө вирус менен жабыркагандардын 20 пайызын түздү.

Өлкө боюнча вирус жалпы 97 миң 326 адамда катталса, 10 миң 637 бейтап бул дүйнө менен кош айтышкан.

Мексикада коронавирус биринчи жолу 28-февралда катталган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан