Япония "Токио-2020" жайкы олимпиада оюндарына өзгөртүү киргизүүгө даяр

Токио шаарынын бийлиги 2021-жылы өтө турган "Токио-2020" жайкы олимпиада оюндарына коронавирус эпидемиясына байланыштуу өзгөртүү киргизүүгө даяр. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, чектөөлөр спорттук иш-чараларга таасир этпейт. Бирок коронавирус инфекциясы бир жылдан кийин дагы улана берсе, көрүүчүлөргө көбүрөөк таасир этет деп болжолдонууда. Мисалы, оюндардын ачылыш жана жабылыш аземдерине катышуучулардын санын кыскартуу, спорттук иш-чаралар өткөн жерлерде көрүүчүлөрдүн санын азайтуу жана аларды коронавирус инфекциясынын бар-жогун кылдаттык менен текшерүү пландаштырылууда.

Ошондой эле спортчулар коронавируска карата тест тапшырышат жана алар үчүн шаардын айланасындагы кыймылдарды чектөө пландалууда.

Эске салсак, коронавирус пандемиясынан улам быйыл өтүүчү "Токио-2020" жайкы олимпиада оюндары 2021-жылга жылдырылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан