Казакстанга ПЦР тесттердин жыйынтыгы 3 саатта даяр болчу автоматташтырылган лаборатория алып келинди (видео)

Казакстанга ПЦР тесттерди жүргүзүүчү автоматташтырылган лаборатория алып келинди. Анда COVID-19га карата күнүнө 1000 тест жүргүзүп, жыйынтыгын 3 саатта эле алса болот. Бул тууралуу казак басылмалары жазышат.

Анда Казакстандын айрым категориядагы жарандары бул жаңы лабораториядан акысыз анализ тапшыра ала турганы белгиленет.

"Ага ылайык, жумушу жоктор, аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөр, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, 50 жаштан өйдө курактагылар, эпидемияга каршы күрөшкө тартылган кызматкерлер, карылар, балдар үйүндөгүлөр жана бала бакчада иштегендер акысыз тест тапшыра алышат.

Мындай лабораториядан Казакстанга экөө алып келинди. Алардын бири Нур-Султан шаарына коюлса, экинчиси Алматы шаарына берилди. Лабораториянын жалпы суммасы 4 миллион долларды түзгөн", - деп жазылат маалыматта.

"Жыйынтыгы үч саатта даяр болот" Казакстанга ПЦР тесттерди жүргүзүүчү модулдук лаборатория алынып келинди
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Shef87
2020-06-05 18:52:01
Кыйын экен казактар
+2
Belek1710
2020-06-05 19:04:07
Казактарга кызыгып олтура берет экенбиз да, бизде да болсоо деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан