4-июнга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны 6 миллион 600 миң 692ге жетти. Алардын арасынан 2 миллион 853 миң 358 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылса, 389 миң 620 адам көз жумду.
Коронавирус эң көп жайылган АКШда 1 миллион 872 миң 528 адам аталган илдет менен катталды. Арасынан 485 миң 2 адам сакайып, 108 миң 208 бейтап каза болду.
Экинчи орунду ээлеген Бразилияда вирус менен алышкандардын саны 584 миң 16га жетти. Андан 238 миң 617 адам ооруканадан айыгып чыкса, тилекке каршы, 32 миң 548 адам каза болду.
Орусияда 440 миң 538 адам коронавирус илдетин жуктуруп алды. Арасынан айыгып чыккандар - 204 миң 197, көз жумгандар - 5 миң 376.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.