Кытайда акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясы 11 адамдан аныкталып, 39 адам ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жаңы аныкталган 11 адамдын төртөө сырттан келгендер болсо, алтоо Хэйлунцзян провинциясынан жана бирөө Гуандун провинциясынан аныкталган.
Дүйнө үшүн алган коронавирус инфекциясын Кытайда жалпы 83 миң 828 адам жуктурган. 4 миң 636 адам каза болсо, 77 миң 774 бейтап ооруканадан чыгарылды.