"Ухан вирусу": Коронавирустан айыккандардын саны 3 миллиондон ашты

7-июнга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны 6 миллион 855 миң 858ге жетти. Алардын арасынан 3 миллион 71 миң 403 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылса, 398 миң 321 адам көз жумду.

Коронавирус эң көп жайылган АКШда 1 миллион 920 миң 61 адам аталган илдет менен катталды. Арасынан 500 миң 849 адам сакайып, 109 миң 802 бейтап каза болду.

Экинчи орунду ээлеген Бразилияда вирус менен алышкандардын саны 672 миң 846га жетти. Андан 277 миң 149 адам ооруканадан айыгып чыкса, тилекке каршы, 35 миң 930 адам каза болду.

Орусияда 458 миң 102 адам коронавирус илдетин жуктуруп алды. Арасынан айыгып чыккандар - 220 миң 935, көз жумгандар - 5 миң 717.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан