Өлкөдө бир суткада 68 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Бишкек шаары - 13;
Ош шаары - 0;
Чүй облусу - 4;
Ош облусу - 11;
Талас облусу - 7;
Нарын облусу - 1;
Ысык-Көл облусу - 8;
Жалал-Абад облусу - 8;
Баткен облусу - 16.
Жалпы 44 миң 526 адам илдет жуктуруп алган.
Бүгүнкү күндө стационарда 551 бейтап, амбулатордук дарыланууда – 2627 бейтап жатат.