Өзгөчө бет кап. Японияда бассейн үчүн бет кап ойлоп табылды

Японияда бассейн үчүн бет кап ойлоп табылды. Аталган өлкөдө бассейндер ачылган соң мындай өзгөчө бет каптарга суроо-талап жогорулаган. Бул жөнүндө дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, Японияда коронавирус инфекциясына байланыштуу жабылган бассейндер жакында гана, тагыраагы, 1-июндан баштап акырындык менен өз ишин жанданткан.

Бийлик өкүлдөрү хлордун сууда жетиштүү концентрациялануусу менен инфекциянын коркунучу өтө эле аз болот деп эсептешкен. Ошого карабай сууда сүзүү мектептеринин, айрыкча балдардын көйгөйү чечилбей калган. Себеби машыктыруучу түшүндүрмөлөрдү, буйруктарды берип, кээде баланын суудагы абалын оңдоп турушу керек эле. Мунун баары инфекциядан коргой турган бет капка болгон муктаждыкты жараткан.

Мындай көйгөйдү Токиодо жайгашкан компаниялардын бири чечүүгө аракет кылган. Алар бет капты тунук материалдан жасашкан. Ал бетти көздөн ылдый жагын жаап, суунун ичинде ары-бери жылбайт. Мындай бет каптар менен сууда сүзүүгө ыңгайлуу. Алгач бет каптар кол эмгеги менен жасалган. Алардын баасы 10 даанасы 29 миң иен (260 долларга жакын) болгон.

Май айынын ортосунда Суу спортунун ассоциациясы мындай бет каптар сууда сүзүүдө ыңгайлуу жана эффективдүү болорун билдиришкен. Ушул учурдан баштап Япониянын бардык аймактарынан, тактап айтканда, 700 уюмдардан 16 миңден ашык буйрутмалар келип түшкөн. Мындан улам июнь айында өндүрүш 10 миңге кеңейтилген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Juliakalt
2020-06-07 21:56:15
Мен дагы балдарымды 12- майда сууга сузуу курсуна алпара баштайм, швейцарияда мындай бет каптар азырынча жок :(
-10
Samash-87
2020-06-07 22:46:13
Juliakalt,мактанбачы
+5
Juliakalt
2020-06-08 15:36:34
Samash-87, мактанган жокмун, темага карата ойумду жаздым.

Андай деле мактана турган деле соз жок!
+2
AruuKasi
2020-06-07 22:57:22
Juliakalt,12- май 2021- жылыбы ошондо
+10
Nursul
2020-06-08 09:55:37
AruuKasi, июньду май деп жаңылып алса керек
+4
XATSAN125
2020-06-08 11:49:18
Juliakalt,сен замандан кыйла артта калыпсын туура кыласын23 марттан башта алып барышты
-2
tokitok
2020-06-08 03:04:36
Минус баскандар кулку келтирерлик. Мейли мактана берсин не болмок эле. Мактанган да, адамга позитив тартуулайт.
+6
Juliakalt
2020-06-08 13:31:51
Достор, 12-Июнь деп жазам деп Май жазылып калыптыр :))
+2
MOTOP
2020-06-08 18:37:51
Juliakalt,конулуно алба, мактана турган деле эч нерсе жазбапсын, а так бассейнди кыкендер тушундо корсо мактанат деп ойлойт да
+1
Juliakalt
2020-06-08 20:48:51
MOTOP, рахмаат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан