Бүгүн, 9-июнда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов облустагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча онлайн маалымат жыйын берди. Жыйын учурунда ал 9-июнга карата Жалал-Абад облусунан коронавирус инфекциясы аныкталган адамдын экөө Чаткал районунан, бирөө Токтогул районунан катталганын айтты.
"Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, бүгүнкү күнгө карата Жалал-Абад облусунда коронавирус 3 жарандан аныкталды. Тагыраак айта кетсек, Чаткал районунан эки адамдан аныкталды. Алар буга чейин ооруп жаткан адамдын үй-бүлө мүчөлөрү. Алар облустук ооруканага жаткырылды. Ал эми Токтогул районунан дагы бир кишиден оору аныкталды. Ал буга чейин Бишкек шаарына дарыланууга барып келгени белгилүү болду. Ал келген күндөн бери 8 адам менен байланышта болгон. Учурда мындан башка дагы контакт болгондорду тактоо иштери жүргүзүлүп жатат", - деди облус башчысы.