Өлкөдө эл аралык аба каттамдарды калыбына келтирүү боюнча тиешелүү чечим штаб тарабынан өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды жана анын курчушу мүмкүн экендигин эске алуу менен кабыл алынат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Анда айтылгандай, иш Кыргыз Республикасына жана Кыргыз Республикасынан чартердик каттамдарды уюштуруу зарылдыгына жараша улантылат.