Ош облусунда коронавирустан дагы бир бейтап каза болду. Малыматты бүгүн, 13-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
"Маркум 1962-жылы туулган эркек киши. Бейтап өз алдынча дарылануудан кийин мобилдик топко кайрылган. Андан коронавируска алынган тесттин жыйынтыгы оорунун бар экенин 12-июнда тастыкталды. Бейтап Ош шаардык клиникалык ооруканасында дарыланып, анда илдет оор формада өтүп жаткан", - дедйт Үсөнбаев.
Муну менен өлкөдө коронавирустан каза болгондордун саны 27ге жетти.