Бүгүн, 17-июнда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максүтов онлайн маалымат жыйынын берди.
Анда облус боюнча эпидемиологиялык абал жөнүндө айтылып, 17-июнга карата статистика берилди.
"Бүгүнкү күнгө карата облус боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 39 адам. Анын ичинен 5 адам Баткен районунан, Кызыл-Кыя шаарында - 14, Кадамжай районунда - 14, Лейлекте - 6 адам вирус жуктуруп алды. Катталган 39 адамдын 31и толугу менен айыгып чыкты. Дагы 8 жаран дарыланууда. Ооруга кабылган 39 адамдын ичинен 5 жаран медицина кызматкерлери. Алардын үчөө сакайып, калган 2 кызматкер дарыланууда.
Коронавирус менен күрөшүүдөгү биздин көйгөйлүү маселебиз - анализ тапшыруу, тагыраагы, лабораториянын жоктугу болчу. 15-майдан баштап бул маселе чечилип Баткен облусуна көчмө лаборатория алып келинди. Бул лабораториядан жалпысынан 3 миң 636 жаран текшерүүдөн өттү. Көчмө лабораторияда орточо эсеп менен күнүнө 100 жаран анализ тапшырып, жыйынтыгы чыгарылат", - дейт Максүтов.