Өлкөдө коронавирус менен ооруп жаткан бейтаптардын ичинен бир сутка ичинде 68 адам андан айыгып, ооруканадан чыгышты. Маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 20-апрелге карата абалды айтып жатып билдирди.
Алар:
Бишкек шаарынан – 10
Нарын облусу – 1
Ош облусу – 42
Ош шаарынан – 7
Жалал-Абад облусу – 7
Баткен облусу - 1
Жалпы республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин 201 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Каза болгондордун саны - 7. Өлкө боюнча коронавирус 568 адамдан аныкталды.