"Өздөрүн кызматтан айдашсын". Экс-элчи Кылычбек Султан бийликтин коронавирус менен натыйжасыз күрөшүн сынга алды

Экс-элчи Кылычбек Султан бийликтин коронавирус менен натыйжасыз күрөшүн сынга алды. Бул тууралуу пикирин ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Анын пикиринде, Кыргыз өлкөсүндө коронавирус илдети жайылып кеткенине бийлик гана күнөөлүү.

"Эл 2 ай чыдап, өзгөчө кырдаалда үйлөрүндө отурду. Эркиндиги да, экономикалык абалы да жапа чекти. Бирок бийлик абалдын курчушуна кайра эле элди күнөөлөйт", - деген экс-элчи.

"Бийлик өз милдетин аткара алган жок жана буга бир гана өздөрү күнөөлүү. Эми өздөрүн кызматтан айдашсын", - деп оюн жыйынтыктаган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан