"Өлкөдө коронавирус аныкталган айрым адамдарга үйлөрүнөн дарыланууга уруксат берилүүдө. Ооруканада орун жокпу?". Министрдин жообу

Бүгүн, 22-июнда саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов маалымат жыйын берүүдө. Анда ал өлкөдөгү коронавируска байланышкан абалды айтып, берилген суроолорго жооп берүүдө.

Ага: "Эмнеге оору белгисиз өткөндөрдү үйгө жөнөтүп жатасыңар, ооруканада орун калбай калдыбы?", - деген суроо берилди.

"Жок, ооруканаларда орун жок деген сөз туура эмес. Эгерде бейтапта оорунун жеңил түрү болсо, үйүндө дарыланууга шарт болсо, биз аларды үйгө жөнөтүп жатабыз. Бирок өзүнүн эрежелери бар, ал эч ким менен байланышта болбош керек, эреженин баарын так аткарышы керек. Бул ыкма дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө колдонулуп жатат, бейтап дарыгердин көзөмөлүндө дарылануудан өтөт", - деди министр.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан