"Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл башчысы биз барып текшергиче, жыл башынан бери алына элек таштандыны алдыртып коюптур" дейт комендант

Бүгүн, 20-апрелде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов аймактардагы абал тууралуу кезектеги онлайн маалымат жыйын берди.

Анда кечээ, 19-апрелде Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө нааразы болгон тургундардын суранычы менен ал жакка прокуратура, УКМК, ИИМ жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринен түзүлгөн атайын топ барганы айтылды.

"Биз кечээ эфирден тургундар тарабынан билдирүү айтылары менен дароо атайын топ уюштуруп, ал жакка жөнөгөнбүз. Бирок биз баргыча Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл башчысы жыл башынан бери алына элек таштандыларды алдыртып коюптур. Мындан тышкары гуманитардык жардам бериле элек айыл тургундарына жардам бериптир. Албетте, мындай иш-аракеттер кызмат үчүн болбош керек. Айыл жашоочуларынын муктаждыктарын камсыздап туруу эл үчүн жасалышы шарт. Аны аткарбагандар жоопкерчиликке тартылат. Ал эми Отуз-Адыр айыл өкмөтү боюнча Кара-Суу районунун акимине жана облустук администрацияга сунуштарыбызды бердик. Алар карап чыгат, биз көзөмөлдөйбүз", - деди комендант.

Кечээ, 19-апрелде Кара-Суу районунун акими Тилекбек Матраимовго түз эфир учурунда Отуз-Адыр айыл аймагынын жашоочулары 18-апрель күнү жөлөк пул, азык-түлүк жана башка социалдык маселе боюнча көйгөй жаралганын, бул маселени айыл өкмөтү чечип бере албагандыктан, өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасашканы айтылган. Акимге "Бул тууралуу кабарыңыз барбы? Учурда сиз тараптан эмне жумуштар аткарылып жатат?" деген суроо узатылган.

Кара-Суу районунун акими аталган иш боюнча комиссия түзүлгөнүн жана алар иш алып барып жатканын билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан