Буга чейин белгилүү болгондой, Орусия COVID-19га каршы вакцинаны күзүндө сатыкка чыгармак. Бирок вакцина эл аралык жарышта утушка ээ болобу деген суроо турат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Вакцинаны ойлоп табуу эл аралык жарышы баарыбызга эле 1960-жылдардагы СССР менен АКШнын космосту багынтууда болгон атаандашын эске салып жатса керек. Кытай, Европа, АКШ дагы мүмкүн болушунча батыраак вакцинаны ойлоп табуу менен алек болууда. Мындай аракеттер адатта пандемия менен татыктуу күрөшө албай жаткан бийликке карата айтылган сынды азайтат. Эреже катары вакцинаны ойлоп табуу үчүн бир нече жылдар сарпталат. Бирок пандемияга байланыштуу дүйнө жүзүнүн окумуштуулары бир канча айдын ичинде вакцина ойлоп табууга аракет кылып жатышат.
Ошону менен катар эле Европа өлкөлөрү эл аралык кызматташтыкты баштаган. Мисалы, май айында Еврокомиссия вакцинаны иштеп чыгуу боюнча онлайн-марафон жарыялаган. Ага Франция, Германия, Япония, Канада, Сауд Арабия, Улуу Британия, Израиль, Греция өлкөлөрү катышкан. Жыйынтыгында 9 миллиард 500 миллион евро каражат вакцина даярдоого чогултулган. Ал эми АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы ушул күздө жарандарын вакцина менен камсыз кылуусу үчүн америкалык жана европалык фармацевтикалык компанияларга 2 миллиард доллар бөлгөн. Май айында Орусиянын президенти Владимир Путин вакцина сентябрда чыгып баштарын билдирген. Ал эми Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму орусиялык 9 вакцинаны перспективдүү деп тапкан. Бирок алардын бири да клиникалык текшерүү стадиясына келе элек. Дүйнөдө баш-аягы 136 вакцина иштелип чыккан, анын ичинен 10у гана учурда ыктыярчыларга сыналып жатат.
Вакцинаны адамдарга сынап көрүү март айында башталган. Анда биринчи дарынын коопсуздугун жана дозасын белгилеп аз сандагы адамдарга текшерип, кийин жүздөгөн адамга чейинки топко жүргүзүлөт. Бул этапта адамдардын курактык өзгөчөлүктөрүнө (балдар, өспүрүмдөр, карылар) бөлүп текшерип көрүшөт. Үчүнчү этапта миңдеген адамдарга сынап көрүшөт. Эгерде ийгиликтүү өтө турган болсо, тийиштүү органдардын уруксаты менен сатыкка чыгып баштайт. Вакцинаны иштеп чыгууну ылдамдатуу үчүн изилдөөнүн биринчи жана экинчиси фазасын бир учурда өткөрүшүүдө.
Азыркы учурда жападан жалгыз үчүнчү жыйынтыктоочу этапта текшерилип жаткан вакцина Оксфорд университети жана AstraZeneca британиялык-швециялык компания тарабынан иштелип чыккан вакцина болуп саналат. Ошону менен катар эле Улуу Британияда дагы 10 миң ыктыярчы адамдардын катышуусу менен вакцина текшерүүдөн өтүп жатат. Ошондой эле коронавирустан эң көп жабыркаган Бразилия дагы июнь айында сыноону баштайт. Бул изилдөөгө 2 миң ыктыярчы катышат. Кийин вакцина АКШда масштабдуу түрдө 30 миң орто курактагы адамдарга текшерилет.
Ал эми буга чейин Орусиядагы Микробиология жана эпидемиологиялык улуттук изилдөө борбору COVID-19га каршы вакцина иштеп баштаган. Клиникалык сыноону Бурденко атындагы госпиталда жүргүзүүгө Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги уруксат берген. Сыноого катышып жаткан ыктыярчылар дарыгерлердин байкоосунда болуп, ар бир кыймылы, өзгөрүүсү анализденип турары айтылат маалыматта.