Япониянын борбору Токио шаарында өтө турган XXXII жайкы олимпиада оюндары коронавирус чуусунан улам токтотулбайт, бирок кийинки жылдарга жылдырылышы мүмкүн. Бул тууралуу Эл аралык Олимпиада Комитетинин (ЭОК) мүчөсү Харуюки Такахаси америкалык "The Wall Street Journal" гезитине берген маегинде билдирген.
"Мен олимпиаданы токтотуу тууралуу ойлонбойм. Эгер олимпиада токтотулса, ЭОКто каржы жагынан чоң көйгөй жаралат. Себеби түз эфирлердин баары сатылган, даярдыктар өз нугунда жүрүп жатат. Биз олимпиаданы кийинкиге жылдыруу тууралуу гана сөз кылабыз. Олимпиада 2021-2022-жылдары өтүшү мүмкүн. Апрель айынан баштап биз бул суроону олуттуу талкуулай баштайбыз", - деп билдирген.
Маалыматка ылайык, "Токио 2020" жайкы олимпиада оюндары 24-июлдан 9-августка чейин Япониянын борбору Токио шаарында өтөрү пландалган.
Буга чейин ЭОКтун мүчөсү Ричард Паунд "Токио 2020" олимпиада оюндары коронавирус чуусунан улам токтотулары жөнүндө маселе май айында караларын билдирген.