Бүгүн, 20-февралга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 110 миллион 687 миң 323 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 62 миллион 316 миң 265 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 450 миң 499 адам илдеттен каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 27 миллион 999 миң 565 болду. 495 миң 506 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 963 миң 394 адамдан аныкталды. 156 миң 111 адам каза болсо, 10 миллион 667 миң 741 бейтап айыкты.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.