"Өлкөдө ушул учурда 633 адам коронавирус илдети менен күрөшүп, ооруканада жатат", - деди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев бүгүнкүгө карата абал тууралуу маалымат берип жатып.
Анын ичинен 46 бейтаптын абалы оор болсо, 12 киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. 224 бейтап орточо оор абалда, 363 бейтаптын абалы канааттандырарлык.
Акыркы сутка ичинде 4 миң 212 адамга медициналык изилдөө жүргүзүлдү.