Президент Сооронбай Жээнбеков жана расмий делегациянын мүчөлөрү коронавируска Кыргыз өлкөсүнөн тест тапшырышкан. Алардын анализи таза чыккан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 24-июнда Москвада Жеңиш парады өтүүдө. Анда президент Сооронбай Жээнбеков парадга катышуу үчүн бет кап тагынып, Кремлге келгенин көрүүгө болот. Бирок парадга катышуу үчүн келген башка өлкөнүн президенттеринин катарында көрүнгөн жок.
Президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Сооронбай Жээнбеков жана аны менен барган Кыргыз делегациясы Москва шаарында коронавируска тест тапшырган. Президентти коштоп баргандардын экөөнөн коронавирус аныкталды.
Тагыраагы президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана күзөт кызматынын бир кызматкеринен илдет аныкталды.