Ош шаарындагы төрөткана жабылгандан кийин анда жаткан 7 ымыркайдан коронавирус аныкталды

Бүгүн, 16-июнда Ош шаарынын вице-мэри Саибжан Турдуев шаардагы эпидемиологиялык абал боюнча онлайн маалымат жыйынын берди.

Жыйында 13-майда коронавирус аныкталган Ош шаардык төрөт үйүндөгү кызматкерлер менен бейтаптардын абалдары тууралуу суроо узатылды.

"Ошондон бери Ош шаардык төрөт үйүндө иштеген 283 медициналык кызматкерден, 563 бейтаптан, жалпысынан 886 адамдан биринчи жана экинчи ПЦР-анализи алынды. Алардын ичинен 776сы таза чыкты. Ал эми медициналык 24 кызматкерден, 44 бейтаптан, 7 ымыркайдан коронавирус илдети тастыкталды. Учурда баары медициналык көзөмөлдө турушат. Бүгүнкү күндө төрөт үйүндө дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Республикалык штабдын уруксаты менен жакында ишке кирет", - деди Саибжан Турдуев.

Маалым болгондой, 13-майда Ош шаардык төрөт стационарында COVID-19 инфекциясы катталган. Ошого байланыштуу төрөткана карантинге жабылган. Коронавирус аныкталары менен ал жакта иштеген 283 кызматкерден ПЦР-анализ алынган. Анын жыйынтыгында 24 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталганы кабарланган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан