Коронавирустан өлкөдө дагы 3 адам каза болду. Алардын бири Ош облусунда, экөө Жалал-Абад облусунда дарыланып жаткан

Өткөн сутка ичинде 3 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн брифинг учурунда айтты.

Анын айтымында, каза болгондордун бири Ош облустар аралык ооруканасында дарыланып жаткан аял киши. Ал 1969-жылы туулган. Жалал-Абад облустук ооруканасында дарыланып жаткан 1944-жылы туулган аял киши көз жумду. Аксы аймактык ооруканасынан 1946-жылы туулган эркек киши да коронавирустун курмандыгы болду.

Инфекциядан жалпы каза болгондордун саны 46 кишиге жетти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ZUXRIDDIN20
2020-06-27 10:05:51
309 чыгыптырго. Бул жагы эмне болот экен
0
aydinnur
2020-06-27 10:16:37
Ишенбеген Ковидиоттордун айынан болуп жатат бул абал(((Кудайым озун эле сактай гор бизди..Башка таянаарыбыз деле калбады,зоотехник жана Кодон болсо тунулдук..
+2
interpol
2020-06-27 10:31:06
aydinnur,көп былжырай бербегилечи эч кандай коркунуч жок. Мисалы биз жумуштагы балдар баарыбыз болуп айыктык. Кадимки грип сыяктуу эле болот. Муну саясатташтырбагыла.
Бул вирус жүрүп атканда не бирда адам өлбөш керек беле. Өз ажалы башка себеп менен өлсөда ковид дей бербей. Дагы айтам эч кандай коркпогула. Бул вирустан чынында адам өлбөйт. Башка өнөкөт оорулары болсо ошодон кыйналышы мүмкүн
+4
Krai
2020-06-27 11:35:33
interpol, сенин ден соолугуң чың иммунитеттин күчтүү экен. Эл арасында ар кандай Ден соооуктагы адамдар бар аларды да ойлошубуз керек да каары картаңдар бар оорукчан адамдар бар ошолор үчүн коопту болуп саналат да
+1
kechirmeni
2020-06-27 13:44:46
Болушунча аракет кылып сактанып атабыз, эми башка тушконду коробуз, баарыбызду Кудай озу сактасын,айрыкча карыган ата энелерибизди Кудайым ден соолугун чын омурлорун узак кылсын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан