Социалдык тармакка Чүй облусунан Таласка каттаган айдоочуну Таластын тургундары тосуп алып, айылга киргизбей кайтарып жиберген видеосу тарады.
Видеодо айдоочунун айтымында, ал үй-бүлөсүн багам деп каттап жаткан. Таласка кире бериште тосуп турган жигиттер айдоочуну туура эмес кылып жатканын айтышып, башка такси кызматында эмгектенген айдоочуларга да кайрылуу жасатышкан.