Бир сутка ичинде өлкө боюнча 49 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Маалыматты бүгүн, 1-июлда республикалык штабдан билдиришти.
Ал эми бир суткада 4 медицина кызматкери ооруканалардан айыгып чыкты.
Республика боюнча коронавирус илдети аныкталган ак халатчандардын саны жалпы 879га жетсе, алардын 446сы стационарлардан айыгып чыккан.