Биз социалдык тармакта

"Ошто 1700 тоңдурулган үлгү бар" дейт Кубатбек Боронов

Буга чейин Ошто коронавирус инфекциясын аныктоо үчүн алынган үлгүлөр тоңдурулганын, анализди жүргүзүү үчүн керектүү болгон реактивдердин жок экендиги айтылган. Бүгүн, 2-июлда өткөн брифингде премьер-министр Кубатбек Бороновго "өлкөдө тоңдурулган канча үлгү бар?" деген суроо берилди.

Өкмөт башчы республика боюнча Ошто эле тоңдурулган үлгүлөр бар экенин айтты.

"Бир күн мурдагы маалыматка ылайык, Ошто 1 миң 700 тоңдурулган үлгү бар болчу. Бул боюнча штабга тиешелүү тапшырмаларды бергенбиз. Бизде ПЦР-анализди жүргүзүүчү реактивдердин запасы бар, ошондой эле экспресс-тесттен 34 миң даана бар", - деп жооп берди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aliar1
2020-07-02 15:46:37
Чалдар ордунарды качан бошотосунар иштейм деген кишилерге
+2
bond0202
2020-07-02 16:34:07
34мин даана бар деп мактанып отура бергиле иштетпей эле.
+1
sirenaaaaa
2020-07-02 19:18:45
bond0202,аны акыга текшеришет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан