Аида Исмаилова: "Санитардык-эпидемиологиялык кызматка көңүл бурулбай, анын абалы начар болчу. Мындан улам вирус менен күрөшүү 2 эсе кыйын болуп турат"

Бүгүн, 3-июлда вице-премьер-министр Аида Исмаилова онлайн-брифингде маалымат берди. Ал учурдагы абалга токтолуп, өлкөдө вирус кучак жайып бара жатканын белгиледи.

"Медицина кызматкерлеринин жетишсиздиги курч болуп турат, мындай абал эң өнүккөн өлкөлөрдө да болуп жатат.

Көп жылдардан бери Санитардык-эпидемиологиялык кызматка тиешелүү көңүл бурулган эмес, буга байланыштуу анын абалы мышык ыйлай турган абалга келген. Мындан улам биздин өлкөдө бул вирус менен күрөшүү 2 эсе кыйын болуп турат. Аталган кызматта кадр маселелери, жабдыктар боюнча көп көйгөйлөр бар. Ошондой абалда бизге вирус менен күрөшүүгө туура келип жатат, азыр биз адистерди, жабдыктарды, керектүү каражаттарды камсыздоого болгон аракеттерди көрүп жатабыз", - деди Исмаилова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tular
2020-07-04 17:49:14
Көчүгүңөрдү таашыганга машинаалбай, ошол каражаттарды туура, керектүү жакка бөлбөйт белеңер!!! Анан уялбай мышык ыйлай турган абалда деп коет!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан