Коронавирус боюнча маалымат алуу үчүн 112 ыкчам номери иштеп жатат. Ыкчам номерге күн сайын 1000ден ашуун чалуулар катталып, кайрылгандардын баары коронавирус тууралуу маалымат сурап жатканын ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты. Ошондой эле нөөмөтчүлөр келип түшкөн бардык суроолорго максималдуу түрдө жооп берип жатканын кошумчалады.