Бүгүн, 4-июлда Кыргыз өлкөсүнө Өзбекстандан гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашты.
"Эки өлкөнүн башчыларынын жетишилген макулдашуулардын алкагында коңшу мамлекеттен кезектеги гуманитардык жүк келди.
Анда 50 комплект кычкылтектин мобилдик концентратын жана 100 даана инвазивдүү эмес өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараты бар. Жалпы салмагы 8 тонна болгон гуманитардык жүк аба каттам аркылуу бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруу менен жеткирилген.
Кыргыз өкмөтү Өзбекстанга көрсөткөн көмөгү үчүн терең ыраазычылык билдирет", - деп айтылат маалыматта.