Чубак Жалилов оңдоп-түзөөдөн өткөн мечитти обсервация катары пайдаланууга берүүгө даяр

Мурдагы муфтий Чубак Жалилов оңдоп-түзөөдөн өткөн мечитти обсервация катары пайдаланууга берүүгө даяр экенин айтты. Бул тууралуу ал билдирүү калтырып, мечиттин сүрөттөрү менен бөлүштү.

"Урматтуу Саламаттыкты сактоо министрлиги, штаб мүчөлөрү! Эгерде зарылчылык болсо, жардам катары биздин мечитибизди обсервацияга имарат катары берүүгө даярбыз.

Мечитибизде быйыл толук оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн, акталып, сырдалган. Ичинде кондиционерлери бар. Жылуу суусу бар. Дааратканасы сыртта. Борбордук канализацияга кошулган.

Дарыгерлерге ылайыктуу дааваткана кабинети бар. Тамак жасап ичкенге ылайыктуу дагы бир бөлмө бар. Аллах Таала элибизди ар кандай балээлерден, оору-кырсыктан сактасын!", - деген ал билдирүүсүндө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
aydinnur
2020-07-04 19:13:01
Мына-мына ажыкем баяндарын кызыгуу менен угам,жерине жеткире суйлойт,эмне болду аалымдарыбызга деп жаттым эле..Жакшы иштердин сообу бизден эмес,кудайдан кайтсын!
+27
Hadyja
2020-07-04 19:15:11
Мээримдуу Аллах Таала Ыраазы Болсун!Буйурса элибиз,жерибиз бул вирусту ынтымак менен женеербиз.Кыргыз деп куйгон мейли врач,мейли айдоочу,мейли молдо болсун,колунан келгенин эл учун кылса,баары жакшы болуп кетээр.Баарынарга ден-соолук,жакшы иштерди кылгандар коп болуп.Пайдасыздар аз болсун
+24
talaa11
2020-07-04 19:17:22
Чубак Жалилов эмес Чубак Ажы Жалилов деп жазгыла Супер Инфо
+25
Farra16gsin
2020-07-04 21:17:19
talaa11,ушул суперчилер бирнерсе билет дейсиңби банга жибергенден башка эчнерсе билишпейт жазганды билишпесе окуганды деле билишпейт дайыма ката жазышат ар бир макалада ката жазуу бар
+14
Jalilov_Ch.
2020-07-05 01:35:55
talaa11, пахта койбой эле Жалилов Чубак дей бергиле. Капа болбойбуз.
-1
Agayu
2020-07-04 19:42:43
Э туугандар бизди алдап туруп , жайлап жатканын эч эле түшүнө албай койдук да .Хватит нас травит деген хештег кылыш керек болтат.
-23
Shake_shake
2020-07-04 19:49:39
Agayu,не дейсин
+4
Mintip-menu-suybo
2020-07-04 19:53:16
Agayu,туптуура...
-9
aydinnur
2020-07-04 19:59:54
Agayu,болтат-молтат дебей,кочукту котор да жардамга жоно медиктерге..Болтат деп жазганына караганда жаш бала окшойсун,туура жаза албасан да туура иш жаса,Мадумаровго окшобой..
+6
basyz-kaman
2020-07-04 20:26:09
Туугандар ачыгын айтыш керек кырдаал өтөө кооптуу. Ооругандардын саны көбөюп жатат. Биз болсо дагы деле кенебей базар аралап жүрөбүз демек ооругандардын саны мындан дагы көбөюшү мүмкүн. Депутат болом деген азаматтар ушундай кыйын кезеңде өзүңөрдү көрсөткүлө! Бир эле Кыргызстан эмес дүйнө элинин башына түшкөн апаат болду.
+14
Aika1988
2020-07-04 20:30:56
basyz-kaman,туура бир да жан кенебей жатат ошондуктан көп болуп кетти карантинде 20дан эле чыкчуу азыр 500дон бир аз карантин кылыш керек го дейм
+8
aydinnur
2020-07-04 21:10:45
Aika1988,Испанияда бир шаардан жуз киши чыкканы учун эле кайра карантинге камады,бизде болсо статистиканы окуп коюп эле олтурушат,300 чыкты-500 чыкты деп коюп..
+5
Zhiidegul_Abdinazarova
2020-07-05 10:02:56
Aika1988, негизи азыр да карантин, ЧП эле алынган. Болгону биздин эл аны түшүнбөй сайрандап кетишти
+1
Kylym.85
2020-07-04 21:38:25
Жогорудагы акылдууларга айтаарым, Чубакты Чубак деп жазат да, аны эмне эле пайгамбардай кылып алгансынар, туура жакшы жана кооз суйлойт. Бирок биз Чубаксыз эле мусулманбыз да, Чубаксыз эле Аллахты ( кыргызчасы кудай) тааныйбыз да. Эмне эле болуп баратабыз, Чубакты кудай дешке аз эле калдык. Адам канчалык коп окуса ошончолук коп билет, биз дагы озубуз коп окуйлу коп билели, Чубак менен Абдышукурду аалымдар ушулар билет биз билбейбиз деп олтура бербестен окуйлу билейли онуголу туугандар.
-8
Zhiidegul_Abdinazarova
2020-07-05 10:04:12
Kylym.85, сиздин аябай окуп жатканыңыз көрүнүп турат
0
Raihan0602
2020-07-04 22:09:43
+бассам -болуп калып жатат кечирим сурайм
-5
sabirdinovich
2020-07-04 23:45:04
Алла ыраазы болсун, рахмат ажыке! Ушундай абалда элибиз бири-бирибизге жардам бербегенде анан качан жардам беребиз?
+3
Nuret94
2020-07-05 00:22:28
Өмүрүңүз узун болсун ажыкем
+3
TIMON_BERKOWITZ
2020-07-05 09:21:51
Чубак ажы болобу болбойбу ал озу учун. Алла Таала белегин озуно берет. А биз учун айырмасы жок, Чубак ажы десек да, башка десек да, паспортунда кандай жазылган болсо ошол ысым официалдуу болуп калат.
0
-BOSS-
2020-07-05 11:47:41
TIMON_BERKOWITZ, сенин эжен Гулзат Мамытбек кыргыздын деми деп паспортунда жазылганбы?
0
nuraiym_kenzhebaeva
2020-07-05 18:24:04
-BOSS-,
0
Krai
2020-07-11 08:13:14
Кайран гана ажыкем жаткан жериңиз жайлуу топурагыныз торко болсун эл үчүн жер үчүн кыргыз үчүн дин үчүн кылган эмгектеринизге Аллах таалам аркы дүйнөдө бейишин берсин
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан