Орусиялык ырчы Лев Лещенко коронавирустан айыгып чыкты

Орусиянын Эл артисти Лев Лещенко коронавирустан айыгып чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазышууда.

"Бардыгы жакшы, мен толугу менен айыгып чыктым. Алдыдагы максаттар үйдө отуруп, өпкөмдү дарылоо. Дарыгерлерге таазим. Дүрбөлөңгө алдырбагыла, бардыгы жакшы болот", - деп билдирген ырчы.

Буга чейин Лев Лещенко коронавируска шектелип ооруканага түшкөнү тууралуу маалыматтар тараган. Бирок ырчынын концерттик директору Олег Дмитриев мындай маалыматты четке кагып, Лещенко өзүн жаман сезгенине байланыштуу жубайы менен ооруканага текшерилүү үчүн барып, дарыгерлердин кеңеши менен жаткырылганын, бирок коронавирустан улам жаткырылбаганын билдирген. Көп өтпөй анда вирус бар экени аныкталган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан