Медицина илимдеринин доктору, профессор, дарыгер-педиатр Абдиманнап Муратов каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын мурдагы кеңешчиси Елена Баялинова тарабынан белгилүү болду.
Ал куттуктоо ордуна көңүл айтып каларын такыр ойлобогонун, аны менен бир катар иш-чараларда сапарлары чогуу болгонун жазган. "Коронавирус инфекциясы биздин дагы бир дарыгер-педиатрыбыз Муратов Абдиманнап Аттокуровичти арабыздан алып кетти. Маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам", - деп жазылат анын билдирүүсүндө.
Абдиманнап Муратов 1961-жылы Ош облусунун Мады айылында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда педиатрия адистиги боюнча билим алып, 1984-жылы окуу жайды аяктаган.
Ал буга чейин саламаттыкты сактоо министринин орун басары, андан кийин билим берүү жана илим министринин орун басары кызматында иштеген.