Казакстандын Алматы шаарындагы Калкаман кичи районунда жайгашкан өлүккананын жанында узак убакытка созулган кезек менен адамдар бир нече саат бою каза болгон туугандарынын сөөгүн ала албай жатышат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
"Биз бул жерге эртең менен эле келгенбиз, бирок дагы деле сөөктү берише элек. Өлүккананын ичинде кызматкерлер өтө эле аз. Алар жетишпей жатышат. Кызматкерлердин жетишсиздиги абдан көп. Ошондой эле өлгөндөр дагы көп", - деген тууганынын сөөгүн алып кетүүгө келген алматылык жаран.
Тууганынын сөөгүн алууга өлүкканага келген дагы бир шаар тургуну узун кезекте турганын айткан. "Тууганыбыз кечээ каза болгон. Бирок анын себеби коронавирус же пневмония болгон эмес. Ага операция жасалып, анын кесепетинен улам көз жумган. Алар денени ушул жерге алып келишиптир. Менин угушумча, бул жерге коронавирустан каза болгондорду алып келип жатышыптыр. Эмне үчүн биз алар менен чогуу кезекте турушубуз керек? Алар оорулуулар менен байланышта болгон адамдар да. Бизде кечээ күнү унаа жок болгондуктан, сөөктү алып кете албай калганбыз. Саат 17:00 болду. Биз дагы деле кезекте турабыз", - деген ал.
Акыркы маалыматтар боюнча, Казакстанда жалпы 49 миң 683 адамдан коронавирус аныкталды. 264 адам каза болсо, 15 миң 860 бейтап айыгып чыкты.