Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандардан биринчи өлүм катталды. Каза болгон жаран аял киши. Бул тууралуу аталган өлкөнүн коомдук өнүктүрүү жана маалымат министри кабарлады деп жазышат казак басылмалары.
"Коронавируска чалдыккан аял каза болду. Анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Орду толгус жоготуу болду. Эртең Саламаттыкты сактоо министрлиги маркумдун ден соолугу, медициналык аныктамалары тууралуу кеңири маалымат берет. Бул окуя коронавирустун коркунучтуу экенинен кабар берет", - деген министр.
Казакстанда 26-март саат 16:30га карата алынган маалыматка ылайык, коронавируска чалдыккандардын саны 109га жетип, 2 адам сакайды.