Эл аралык "Манас" аэропортунун мурдагы вице-президенти Даир Токобаев 34 жашында пневмониядан улам каза тапты. Бул тууралуу Илим Карыпбеков социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Азыр эле бул дүйнөдөн боорукер, ак көңүл, өз ишинин мыкты адиси болгон Токобаев Даир Султанович өтүп кетти. Андан пневмония аныкталган. Даирдын артында балдары калды. Жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам", - деп жазылат билдирүүдө.
Маалым болгондой, Даир Токобаев Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директорунун орун басары, "Манас" аэропортунун инвестициялык өнүгүү жана эл аралык кызматташуу боюнча вице-президенти болуп эмгектенген. Акыркы жылдары ишкерлик менен алек болуп жана саясий партияларга консультант катары иштеп келген.