"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 66 миллион 478 миң 413 адам жуктуруп алды

Бүгүн, 6-декабрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 66 миллион 478 миң 413 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 42 миллион 734 миң 752 бейтап айыгып чыкса, тилекке каршы, 1 миллион 527 миң 972 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 14 миллион 575 миң 623 болду. 281 миң 134 адам каза болсо, 5 миллион 576 миң 26 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 9 миллион 608 миң 211 адамдан аныкталды. 139 миң 700 адам каза болсо, 9 миллион 58 миң 822 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 6 миллион 577 миң 177 адам вируска кабылган. 176 миң 628 бейтап көз жумса, 5 миллион 864 миң 838 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aizada2020
2020-12-06 10:21:58
Ушу корона качан бутот тажадым уже
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан