Бишкекке 213 Кыргыз жараны Новосибирсктен кайтып келишти

Бүгүн, 8-июлда Бишкекке Новосибирсктен 213 Кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдан маалымдашты.

Каттамга Орусиянын жогорку окуу жайларында окуган студенттер, төрөтүнүн мөөнөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балалуулар, ошондой эле ыкчам түрдө мекенине кайтууга олуттуу себептери бар болгон жарандар, оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынан айрылып жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылган жарандар кирди.

Бул каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси Сибирь федералдык округундагы шаарлардагы жана региондордогу Кыргыз жарандарынын кайрылууларынын жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн сунушу менен түзүлгөн.

Чартердик каттам президенттин жана өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашууларынын алкагында жүзөгө ашырылды.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз жарандарын өлкөгө кайтарууну уюштуруу иштери улантылат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zhoro
2020-07-09 01:28:37
Качан катардагы жарандарга кезек келет мекенге кайтканга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан