"Ухан вирусу": Испанияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 250 миңге жакындады

30-апрелге карата дүйнө жүзүндө коронавирусту жуктургандардын саны 3 миллион 190 миң 743кө жетсе, каза болгондордун саны 227 миң 368ге жетти.

АКШда вирусту жуктургандардын саны 1 миллион 38 миң 451ге жетсе, 123 миң адам оорудан сакайып чыкты, ал эми 61 миң 361 адам көз жумду.

Испанияда 236 миң 899 адам вирус жуктуруп алса, 109 миң адам илдеттен сакайып ооруканадан чыккан, ал эми каза болгондордун саны 24 миң 225 адамды түздү.

Италияда 203 миң 591 адам вирус жуктуруп, анын ичинен 71 миң 941 адам оорудан сакайып, 27 миң 682 адам көз жумган.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан