Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов облустагы күндүзгү стационарлар үчүн даярдалган жайлардын абалы менен таанышып чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен облустук администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өкүл Лейлек районунун борборундагы жана алыскы чек арада жайгашкан Арка, Жаңы-Жер, Борбордук айылдарындагы коронавирус оорусу менен күрөшүү үчүн көрүлүп жаткан иш-аракеттерден да кабар алды. Учурда облустун алыскы айылдарында да ФАПтын жана социалдык объектилердин базасында күндүзгү стационарлар уюштурулуп жатат.
Алишер Абдрахманов күндүзгү стационарлар үчүн орун эле эмес, керектүү медициналык каражаттар, дары-дармек жана коргонуучу, дезинфекциялык каражаттар, дарыгерлер жана алардын тамак-ашы сыяктуу маселелерди толугу менен чечүү тапшырмасын берди.
Учурда облустагы 32 жайда 1 миң 548 орун даярдалды.