Австралия коронавирус илдетине каршы милдеттүү түрдө эмдөө жүргүзүүнү пландап жатат. Бул тууралуу премьер-министр Скотт Моррисон билдиргенин дүйнөлүк маалымат булактары жазып чыгышты.
"Мен эмдөө болушунча милдеттүү түрдө болушун күтүп жатам. Биз дүйнөлүк экономикага чоң залалын тийгизген, миңдеген жарандардын өмүрүн алып кеткен пандемия жөнүндө сөз кылып жатабыз", - деген ал.
Ошондой эле эгер кимдир бирөө эмдөөдөн баш тарта турган болсо, медициналык көрсөтмөнүн негизинде гана ал ишке ашарын кошумчалаган.
Австралияда эпидемия башталгандан бери 24 миң адам коронавируска кабылган. Алардын ичинен, тилекке каршы, 450 бейтап кайтыш болгон.