"Чубак ажыны радикалдар жактырышчу эмес. Алар анын назик үнүнө жана өз пикирин дипломатиялык түрдө жеткиргенине тийише беришчү. Аларга агрессиянын риторикасы, демократиялык баалуулуктарды жек көргөндөр жагат эмеспи. Чубак ажы өлкөбүздөгү радикализация жолуна түшүп кетүүдөгү эң күчтүү тоскоолдуктардын бири болуп турган. Анын кадыр-баркына эч ким көлөкө түшүрө албаганы үчүн радикалдуу топтордун лидерлери өз ишин ачык үгүт кыла алышчу эмес. Себеби алар Чубак ажы келип түп-тамыры менен өрттөп, кийин күлүн көккө сапырып жиберерин жакшы билише турган. Мына эми радикализация процесси күч алса, анда таң калбайм. Кыргыз өлкөсүндөгү мусулман коомчулугунда көшөгө артында көп интригалар бар, анын ар бири сырттан каржыланып, өз идеяларын алга сүрөөнү көксөйт. Чубак ажы мына ошол күрөштө жаркын жагында турчу эле.
Ал чын дилден биздин демократиялык коомчулукта жашашыбыз керектигине ишенип, гуманист болуп, диний аалымдардын ичинен эң терең илим-билимдүүсү эле. Ал элге үмүт берип, өзү дайыма эл ичинде жүрчү. Ага жан сакчы да керек эмес эле, миллиондор аны билип, ар бир Кыргыз жараны эшигин ага ачууга даяр болчу. Мындай элдик колдоо эч бир саясатчынын түшүнө да кирген эмес, ал саясаттан жогору эле.
Ал өз мезгилинин генийи болду. Анын мектепте жакшы окуганын, университетте көп китеп окуганын баары билет. Ал көп кырдуу жана кеңири тармакта маалыматы бар киши эле. Чыныгы мусулман кандай болуш керек дегенге үлгү болчу. Борбор Азиянын бардык диний кызматкерлери Чубак ажыны ойчул катары сыйлап турушчу жана азыр ага тең келчү аалым жок экендигин да билишет. Ал Ислам юриспруденциясында авторитет болсо, биздикилер аны аалым катары билип, кадыресе окуялар тууралуу сурай беришчү. Өз учурунда Чубак Жалилов оор түшүнүктөрдү элге жөнөкөй түрдө жеткиликтүү айтып бере турган. Биз аны баалай албадык", - деп жазган Esen Momun.
"Чубак ажынын өлүмү динде башаламандык башталып кетүү ыктымалдыгы менен кооптуу. Ал коомубуздагы салттуу эмес агымдарга каршы чыга алчу, биздин башка аалымдар да ошенте алышабы? Түрдүү радикалдуу саляфиттер менен инкарчылар баш көтөрүп чыкпайбы деп чочулап жатам", - деп жазды jumushsuz.
"Ажы Чубак Жалилов радикал ислам багытындагы китептерди окуйт болду бекен дечүмүн. Бир ирээт китептеримдин арасында радикалдуу мазмундагысы, башка тескери нуктагылардыкы да бар деп өзү айтты. Аларга каршы туруш үчүн сөзсүз алардын да адабиятын окуп, талдап, изилдеш керек, ошондо гана ислам терроризми дегендерге каршы тура алабыз деди эле", - деп жазган Kunduz Azarbekova.
"Чубак ажы көпчүлүккө компас болчу. Мен аны менен нике тууралуу Аида Салянованын мыйзам долбооруна байланыштуу эки ирет жолугушкам. Ал аябай сылык жана интеллигент киши эле. Баррикаданын эки жагында болсок да, баарлашууну конструктивдүү жүргүзүп, көйгөй бар экенин моюнга алган. Жыйынтыгында биздин мыйзам долбоорду колдоду. Ал мезгилде Муфтиятта иштебей калган эле, бирок аны баары чакырып, анын айтканын угушчу. Чубак ажы укмуштуудай таасирге жана кадыр-баркка ээ эле. Ага эч кандай расмий укуктар керек эмес болчу. Анын өлүмү бийлик үчүн бурулуш жараткан учурга айланат", - деп жазды Aijana.
"Чубак ажы көзү тирүүсүндө уламышка айлана алды. Анын жолун жолдоочулар жүз миңдеп саналат, тарапташтарынын армиясы бар, ошол эле учурда каршылаштары да аз эмес. Өлкөбүздүн жаңы тарыхында ушундай масштабдагы башка лидерди эстей албай жатам. Мусулман дүйнөсүндөгү чоң жоготуу. Көңүл айтам", - деп жазган Erkin Ryskulbekov.
"Чубак ажы - өзүн да сактап кала алган жок, биз да аны сактап кала алган жокпуз. Бийликтин эч бир кызматына ээ болбой туруп, көптөгөн чоң кызматтагы адамдарда жок бийликке ээ болуп турган. Ал бийлик кадыр-барк жана эл үчүн керектүү болуу, эл менен сүйлөшө алуу деп аталат", - деп жазды Азамат Тынаев.
"Кыргыз өлкөсүндө авторитеттер жана моралдык лидерлердин курч дефицити бар. Чубак ажы мына ошондой адамдардын бири эле, артында он миңдеген адамдары бар болчу. Анын өзгөчөлүгү - бул анын көз карашынан таптакыр башка болгон пикирлер да ага кызыктуу болгонунда эле", - деп жазган Adil Turdukulov.
"Ал муфтий болуп турганда Укук коргоочулардын кеңешин кызматташууга чакырды. Биз бир канча жолу жолугушуу өткөрдүк. Ага чейин да, андан кийин да мындай ишти эч ким кылган жок.
Ал эми ТБУ (Турсунбай Бакир уулу) менен 2011-жылдагы дебаттан кийин "агрессивдүүлүк ислам үчүн норма эмес" деп, менден кечирим сурады", - деп жазган Dinara.
Кечээ, 11-июлга караган түнү белгилүү диний аалым, экс-муфтий Чубак Жалилов оор абалда ооруканага жеткирилип, саналуу сааттардан кийин пневмониядан улам 45 жашында каза болгон. Өмүр таржымалы тууралуу ушул шилтемени басып өтүп, окуй аласыз.