
Өлкөдө ревакцинация же коронавируска каршы эмдөөнүн үчүнчү дозасын алгандар 1 миң 397 болду. Мындай статистика электрондук саламаттыкты сактоо борборунун маалыматында айтылат.
Вакцинанын үчүнчү дозасын алгандардын арасында:
- 60 жаштан жогорку курактагылар - 826;
- башкалар - 345;
- медицина кызматкерлери - 113;
- өнөкөт оорусу барлар - 50;
- мугалимдер жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлери - 29;
- мамлекеттик кызматкерлер - 22;
- күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери - 10;
- жогорку окуу жайлардын студенттери - 2.
Белгилей кетсек, республикада 17-ноябрдан тарта COVID-19га каршы вакцинанын үчүнчү дозасы сайыла баштаган.