"Картошка жүктөткөнгө алып бара жатканын айткан". Ысык-Көлдө жүк ташуучу унаалар менен жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочулар кармалды

Ысык-Көлдө жүк ташуучу унаалар менен жарандарды ташыган айдоочулар кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 3-апрель күнү милициянын жол коопсуздугун көзөмөлдөө инспекторлору тарабынан Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылынын постунан Тоӊ районунун Бөкөнбаев айылынын тургуну Нурлан А`нын башкаруусундагы Мерседес-Бенц-316 үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаасы токтотулган. Айдоочунун айтымында, ал шаарга азык-түлүк алуу үчүн бара жаткан. Бирок унааны текшерген учурда анын ичинде 11 жүргүнчү бар экендиги аныкталып, алар Балыкчы шаарынан Ананьево айылына бара жаткандыгы тастыкталган.

Ошол эле күнү Түп районунун милиция кызматкерлери тарабынан айылдын кире беришинде орнотулган посттон КамАЗ-35320 үлгүсүндөгү унаасы токтотулуп, анын ичинде 23 жүргүнчү бар экени аныкталган. Айдоочу Ак-Суу районунун Боз-Булуӊ айылынын Алтынбек О. аттуу тургуну болот. Айтымында, өзүнүн айылынан жумушчуларды жалдап, Түп районунун Балбай айылына картошка жүктөткөнү алып бара жаткан.

Эки айдоочуга бузуулар кодексинин 127-беренесинин 1-бөлүгү (Жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу) менен протоколдор түзүлүп, унаалар айып короосуна киргизилди.

Ысык-Көл облусунун аймагында COVID-19 оорусун жуктурбоо боюнча жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн, Ысык-Көл облусунун ыкчам штабынын кеңешмесинин чечими менен аймакта санитардык-карантиндик посттор иштей баштаган. Инфекциялык оорунун жугушунун коркунучун төмөндөтүү максатында эл арасында карантиндик режимдин талабын бекем сактоо боюнча тынымсыз түшүндүрүү иштери өткөрүлүүдө.

"Картошка жүктөгөнгө бара жатышат". Ысык-Көлдө жүргүнчү ташыган айдоочу кармалды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
AksyKum
2020-04-04 15:59:34
Озунду эр ойлосон озгону шер ойло дейт.сен акылдууда башкалар кок мээби машинанды текшербегидей
+6
nazira1989
2020-04-04 16:24:13
Карантин учурунда бекерчи алкаштардын күнү тууду...Жадатышты продуктаны үнөмдөп колдонуп жатканда,күнүгө былжырап арак ичишип...Кимге айтышымы билбей жазып салдым...((((((
+3
baku24
2020-04-04 22:37:08
Соз жок. 5.6 жаштагы баланы да уйдо отур десен отуруп атат. Просто элдин ушунчалык кенебестигин, карангылыгын коруп ыйдагын келет. Ушинтип отурсак качан онолобуз
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан